APNIP долбоору Бүткүл Дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата иш-чараларын улантууда

Жогоруда аталган жумалыкка карата иш-чара Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө “Эне сүтү – жашоонун маңызы, Эне сүтү – мыкты жашоого өбөлгө” аттуу темада кароо-сынак болуп өттү. Кароо-сынакка үй-бүлөдө 2 жашка чейинки балдары бар энелер катышышты. Аталган иш-чара айыл башчысынын, айыл өкмөттүн социалдык өнүктүрүү адисинин жана ФАПтын медицина кызматкерлеринин, долбоордун ыктыярчыларынын жана активисттеринин катышуусунда өттү.

Кароо-сынактын шарты боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга айыл өкмөт тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул иш-чара #APNIP долбоору менен камтылган айылдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте долбоордун 3-компонентинин иш-чараларынын туруктуулугун жамааттарда камсыздоо максатында иш–план иштелип чыгып, каржылоо булактарын аныктап, каражаттарды эне менен балага керектүү иш-чараларды өткөрүүгө каралган.
#APNIP #GAFSP #WB #БүткүлДүйнөлүкэнесүтүмененбагуужумалыгы #БаткенЛейлекТогузБулакайылы

0Shares