«Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү журналисттер арасындагы конкурс

«Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору «Азыктануунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар» 3-компонентинин алкагында журналисттер, медиа жаатында алектенген мекемелер, фрилансерлер, блогерлер, жарандык активисттер, студенттер жана башка журналистика ишмердүүлүгүнө кызыкдар тараптардын арасында долбоордун 3-компонентинин ишмердүүлүгү жөнүндө эң мыкты материалдарга конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты жалпысынан долбоордун ишине, анын ичинен долбоордун 3-компонентине коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Ошондой эле, конкурс ЖМКларда макалаларды басып чыгаруу менен демейки жүрүм-турумду жана аң-сезимди өзгөртүү аркылуу калктын сапаттуу жана толук тамактануу көндүмүн Кыргыз Республикасында өнүктүрүүгө жана журналисттердин калктын тамактануусунун сапаты менен байланыштуу темаларды чагылдырууда кызыкдарлыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Уюштуруучу: «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору

Конкурска республикалык жана региондук электрондук жана басма ЖМКлардын журналисттерин, социалдык медиалардын авторлорун жана редакторлорун, Кыргыз Республикасынын радио жана телекомпанияларынын өкүлдөрүн, фрилансерлерди, блогерлерди, жарандык активисттерди, студенттерди жана башка журналистика ишмердүүлүгү жаатында иш алып барган кызыкдар тараптарды катышууга чакырабыз.

Конкурс беш номинация боюнча өткөрүлөт:

  • «Басылмадагы эң мыкты макала»
  • «Эң мыкты радиоматериал»
  • «Эң мыкты видеоматериал»
  • «Интернет басылмадагы эң мыкты материал»
  • «Социалдык медиадагы эң мыкты материал»

Конкурстук иштерди баалоо критерийлери

  • Теманын көйгөйүнүн актуалдуулугу жана аларды чечүүнүн Кыргызстан үчүн актуалдуулугу;
  • Басылманын журналистиканын стандарттарына шайкеш келүүсү;
  • Теманы/маселени ачуу деңгээли, мазмундуулугу;
  • Жеткиликтүүлүгү, баяндоо форматтардын ар түрдүүлүгү жана визуализация (мультимедиалаштыруу).

Байгелер

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Долбоор тарабынан баалуу белектер жана дипломдор тапшырылат. Эң мыкты иштер Долбоордун жана Аткаруучу агенттиктин сайтына жарыяланат.

Конкурска катышуу тартиби

Конкурска билдирмелер кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынат жана ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:

  • Билдирме ээсинин аты-жөнү;
  • Уюмдун толук аталышы;
  • Конкурска берилген материалга шилтеме жана кыскача аннотация.

Конкурска катышуу үчүн 2022-жылдын 21-ноябрынан тартып 2023-жылдын 28-февралына чейин толтуруу керек (билдирмеге шилтеме). Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген билдирмелер кароого кабыл алынбайт.

Конкурска 2022-жылдын 21-ноябрынан баштап 2023-жылдын 28-февралына чейин мамлекеттик же расмий тилдерде эфирге чыккан жана/же басылмаларда басылып чыккан журналисттик материалдар (видео жана аудио жазуулар, аналитикалык статьялар, очерктер, баяндамалар, атайын репортаждар, лонгриддер) кабыл алынат.

Бир басылманын көлөмү 5 миң белгиден (боштуктар менен) ашпоого тийиш, ал эми видеонун же аудионун узактыгы – 3 мүнөттөн ашпоого тийиш.

Материалдарды тариздөөдө кошумча ресурсттарды пайдаланса болот (видео жана фоторесурстар).

Милдеттүү түрдөгү талап бул социалдык тармактарда, онлайн жана оффлайн ЖМКларда жарыяланган материалдарда долбоордун аталышын көрсөтүү.

Бир катышуучунун конкурстук иштеринин саны бир номинация боюнча 3төн көп эмес болушу шарт. Жарыяланбаган материалдар конкурска катышпайт.

Билдирмелерди жана материалдарды электрондук түрдө apnip@elcat.kg электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.

Бардык суроолор боюнча коммуникация жана коомчулук менен байланыш боюнча адис С. Орозалиевага 56 06 57 телефону же s.orozalieva@oip2.kg электрондук дареги аркылуу кайрылыңыздар.

Конкурстун жыйынтыгы долбоордун сайтына жарыяланат.

Конкурстун сайты: https://apnip.water.gov.kg/

0Shares