КАДК Ассоциациясы «Айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында өзүнүн ишин баштады

Суу чарба жана мелиорация департаментинин алдындагы «Айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» (APNIP) долбоорунун «Азыктануунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралар» компонентинин алкагында Кыргызстан айылдык ден соолук ассоциациясы (КАДК) ишке алынып, өзүнүн иш-чараларын баштады.

КАДК Ассоциациясы 3-компоненттин алкагында бенефициарлардын, биринчи кезекте тандалып алынган 60 айыл аймакта жашаган аялдардын, кыздардын жана балдардын сапаттуу азыктануусу боюнча билимдерин жогорулатуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана сапаттуу азыктануу жаатында иш алып барат.

Учурда КАДК Ассоциациясы тарабынан тѳрт күндүк тренинг ассоциациянын координаторлору жана активисттери үчүн 31-октябрдан 3-ноябрга чейин тѳмѳнкү темалар боюнча өткөрүлмөкчү:

  1. Активисттерди мобилизациялоо, карта жана иш план түзүү;
  2. Жалаӊ гана эмчек эмизүү (наристелер 0-6 айга чейин);
  3. Кошумча тамактандыруу (наристелер 6-23 айга чейин);
  4. “1000 күн” аралыгында төрөт мезгилиндеги аялдардын тамактануусу;
  5. Ар түрдүү тамактануу жана зыяндуу тамак-аштарды кыскартуу.

Тренингди өткөн координаторлор менен активисттер 2018-жылдын планына ылайык, 9 суу пайдалануучулар ассоциацияларында жана аларга жанаша жайгашкан 9 айылдык аймакта өздөрүнүн иштерин баштамакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares