Балдардын 1000-күндүк жашоосундагы тамактануунун мааниси

Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында долбоордун координаторлору жана активисттери өздөрүнүн ишин тандалып алынган 18 айылдык аймакты тейлеген 9 суу пайдалануучулар ассоциацияларында (Гауян, СХМ, Бельсовхоз, Таймөнкү, Курташ, Береке-С, Сулайман-Суу, Токтомуш, Тасма –Каранар) башташты. Калкты мобилизациялоо менен бирге «Баштапкы жаш курак учурундагы балдардын тамактануусу» боюнча долбоордун талаа координаторлору жана активисттери айылдык ден-соолук комитеттеринин жана демилгелүү топтордун активисттерине тренингтерди 2018-жылдын декабрь айынан баштап өтүшүүдө. Долбоордун координаторлору жана активисттеру жогоруда аталган аймактарда тренингтерди өтүүдө интерактивдүү ыкмаларды колдонушууда. Тренингтердин катышуучулары өтүлүп жаткан окуулар кызыктуу жана пайдалуу экенин айтышып, ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Ошондой эле, катышуучулар 6 айга чейинки балдардын жалаӊ гана эмчек эмизүүнүн балага, энеге жана коомчулукка болгон артыкчылыктары, наристенин алгачкы эки жашка чейинки жашоосундагы мээрими жана камкордугу – анын саламаттыгы жана андан аркы жашоосундагы ийгиликтери үчүн абдан чоӊ мааниге ээ экендигине ынанышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares