Дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгы Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлдү

2019 – жылдын 5-августунда Дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорунун «Азыктануунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар» компонентинин активистери тарабынан Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Бирлик айылдык аймагындагы Ормош айылында акция өткөрүлдү.

Акциянын максаты — баланы эмизүү жөнүндө элге маалымат берүүнү жогорулатуу, эмчек эмизүүнүн эне-балага карата артыкчылыктарын жайылтуу, эне сүтү менен багууну колдоо.

Акция Бирлик айылдык аймагынын Ормош айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында “Ата-энелердин укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү. ” деген ураан менен өткөрүлдү. Бул иш-чарага долбоордун 3-компонентинин координатору – Сайкал Бозова, Чек арасыз дарыгерлер уюмунун медайымдар бөлүмүнүн жетекчиси – Жюль Камаву, Айылдык ден соолукту чыӊдоо борборунун адиси – Алима Сарыбаева, “Гауян” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси – Имарали Эргешов, медкызматкерлер жана айылдын тургундары катышышты.

Чек арасыз дарыгерлер уюмунун медайымдар бөлүмүнүн жетекчиси Жюль Камаву өзүнүн сөзүндө “улуттун байлыгы – эненин сүтүнөн башталат” жана “баланын укугу эне сүтү менен камсыз болуудан башталат, ошондуктан балдарыбыздын укугун коргойлу” деп баса белгиледи. Ошондой эле, эки долбоор бир максатты көздөп, бирге иштешип жаткандыгына кубанычтуу экенин белгиледи.

Акция убагында долбоор жөнүндө маалымат берилип, бала эмизүү жөнүндө негизги маалыматтар айтылып, баланы эмизүү жөнүндө суроо-жооптор викторинасы өткөрүлдү. Активдүү катышуучуларга футболка, фартук, кепка, кружка сыяктуу чакан белектер тапшырылды.

Дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгына арналган ушундай иш-чаралар жалпы Кадамжай району боюнча да өткөрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares