Дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өткөрүлүүдө

Дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгына карата 2-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Каракол айыл аймагына караштуу Каракол айылында дагы акция өткөрүлдү.

Акциянын негизги максаты — баланы эмизүү жөнүндө элге маалымат берүүнү жогорулатуу, эмчек эмизүүнүн эне-балага карата артыкчылыктарын жайылтуу, эне сүтү менен багууну колдоо.

Акцияга Каракол айыл аймагынын башчысы — Аман Сыдыков, Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси – Д. Мырзакожоева, айыл башчысы – Хусейин Алымбаев, “Тасма-Каранар” СПАсынын жетекчиси — Рапык Калманбетов жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Д. Джахакова катышышты. Акцияга активдүү 80ден ашык жарандар катышып, катышуучуларга концерт, викторина, конкурстар тартууланды жана белектер тапшырылды.

6 айга чейинки ар бир баланы жалаӊ эне сүтү менен багууну колдойлу!

2 жашка чейин эмчек эмизүүнү улантууга шарт түзөлү!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares