Дүйнөлүк бала эмизүү жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагында тандалып алынган айыл аймактарда өткөрүлүп жаткан иш-чаралар

2019 – жылдын 1-августунан тартып 9-августуна чейин бала эмизүү боюнча дүйнөлүк жумалыкка карата Суу чарба жана мелиорация департаментинин алдындагы “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорунун «Азыктануунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар» 3- компонентинин активисттери долбоордун алкагында тандалып алынган айыл аймактарда иш- чараларды максаттуу өткөрүүдө.

Мындай иш-чара 1-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Ноокен айыл аймагындагы Рахманжан айылында өткөрүлдү. Иш-чарада долбоордун өкүлү, Ноокен айыл өкмөтүнүн өкүлү — Токтомуратова Канымгүл, “Таймөнкү” СПАнын жетекчиси — Муратов Нургазы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери жана жалпы Аримжан айылынын жамааты катышышты.

Акциянын максаты — баланы эмизүү жөнүндө элге маалымат берүүнү жогорулатуу, эмчек эмизүүнүн эне-балага карата артыкчылыктарын жайылтуу, эне сүтү менен багууну колдоо.

Жалпы катышуучулардын саны 37ге жетип, акция убагында долбоор жөнүндө маалымат берилип, бала эмизүү жөнүндө негизги маалыматтар айтылып, интермедия коюлуп, баланы эмизүү жөнүндө суроо-жооптор викторинасы өткөрүлдү. Активдүү катышуучуларга футболка, фартук, кепка, кружка сыяктуу чакан белектер тапшырылды.

6 айга чейинки ар бир баланы жалаӊ эне сүтү менен багууну колдойлу!
2 жашка чейин эмчек эмизүүнү улантууга шарт түзөлү!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares