Аз кандуулуктан арылалы!

Учурда APNIP «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында Айылдык ден-соолук комитеттеринин ыктыярчылары Кыргызстандын 36 Айылдык аймактарынын жашоочуларына ар кандай байланыш жолдору менен балдардын, өспүрүм кыздардын жана төрөт мезгилиндеги аялдардын арасында «Аз кандуулукту алдын алуу чаралары», «Колду таза жуу ыкмалары» жана «Таза дааратканалар» боюнча негизги билдиргичтерди таратууда.

Эгерде, биз илимий изилдөөлѳргѳ таянсак, өлкөдө төрөт курагындагы аялдардын 35,2%, беш жашка чейинки балдардын 43% аз кандуулуктан жапа чегет. Аз кандуулуктун кесепеттери балдарга, өспүрүм кыздарга жана энелерге терс таасирин тийгизет. Баланын жашоосунда аз кандуулуктун кесепети узак мөөнөткө уланат, интеллектуалдык жана дене бой өнүгүүсүн кечеңдетип, келечекте сабакты өздөштүрүүсүнө жолтоо болот. Үй-бүлөлүк дарыгердин көрсөтмөсү боюнча балдар, өспүрүм кыздар жана төрөт мезгилиндеги аялдар аз кандуулукту алдын алуу үчүн темир камтыган дарыны колдонуулары керек. Ошону менен, боюнда бар жана эмчек эмизген аялдардын тамагында эттин жетишерлик деңгээлде болуусу, толук баалуу тамактануусу, эне менен баланы аз кандуулуктан сактаганга өбөлгө түзөт. Аз кандуулукту алдын алууда санитария жана гигиенаны, колду жуу эрежелерин, дааратканаларды таза сактоо чоӊ мааниге ээ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares