«Ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы», президент С. Жээнбеков

Президентибиз 2020-жылды «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялаганы баарыбызга белгилүү. APNIP (Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу») долбоору да ѳз иш-чараларын ушул багытта жүргүзүп келе жатат.

Толук баалуу тамактануу баланын жашоосуна жана келечегине чоӊ таасирин тийгизет. Жалаң гана эмчек эмизүү — бул баланын төрөлгөнүнөн баштап 6 айга чейинки жалаң гана эне сүтү менен багылуусун түшүндүрөт. Эне сүтүндө баланын биринчи 6 айлык жашоосуна керек бардык азыктар бар, ошондуктан эне сүтүнөн башка эч кандай кошумча тамак жана суюктук, суу дагы бербеңиздер деп, долбоордун пилоттук айылдык аймактарынын активисттерине, айылдык ден-соолук комитеттеринин ыктыярчыларына окутуу семинарларында сунушталып жатат. Эне сүтү бала үчүн сиңимдүү, аш болумдуу, дайым даяр. Бала 6 айга толгондон баштап, эне сүтү менен багууну улантуу менен бирге кошумча тамак берүү жөнүндө дагы ыктыярчылар элге маалымат берип келишет.

Балаңыздын 2 жашка чейинки ден-соолугу үчүн камкордук бул 6 айга чейин жалаң гана эне сүтү менен багуу, 2 жашка чейин эмчек эмизүүнү улантуу, 6 айдан баштап кошумча тамак берүү!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares