Дени сак бала – дени сак улут!

2020-жыл ѳлкѳбүздѳ «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы болгонуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы APNIP долбоорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан учурда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун пилоттук Чолпонбай жана Кызыл-Адыр айыл аймактарынын айылдарында калктын тамак-ашка болгон кулк-мүнѳзүн, жашоо шарттарын ѳзгѳртүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Атап айтсак, долбоордун активисттери айылдык ден-соолук комитеттеринин ыктыярчыларына 6 айга чейинки балдарды жалаӊ гана эне сүтү менен багуу, 6 айдан 2 жашка чейинки балдардын толук баалуу тамактануусу боюнча маалымат берип, аларды окутушууда. Анткени баланын биринчи эки жылдык жашоосундагы толук баалуу тамактануу келечекте анын ден соолугу, дүйнө таануусу, акыл-эсинин өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү.

Ошол себептен, балдардын биринчи эки жыл жашоосундагы тамактануусун колго алуу үчүн балдардын тамактануусу жөнүндө маалыматтарды ыктыярчылар айыл аймактын жашоочуларына маалымат баракчалары жана негизги билдиргичтер аркылуу таратышууда. Албетте, тамактануу боюнча жүрүм-турумду өзгөртүү оӊой нерсе эмес. Ошондуктан, ар бирибиз, үй-бүлөдөн баштап балдардын тамактануусуна көзөмөл кылууга милдеттүүбүз. Баарылап, жалпы коомчулук, ѳзгѳчѳ ата-энерлер ушул маселеге кош көңүл болбой, биздин келечегибиз болгон балдардын ден-соолугуна азыртадан кѳңүл бурсак, улутубуздун дени сак болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares