«Ден соолугу чың адам — өнүккөн өлкө»!

Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам — өнүккөн өлкө» программасын ишке ашыруу боюнча APNIP долбоорунун алкагында «Үй-бүлөѳлүк медицина адистери» коомдук бирикмесинин адистери тарабынан баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде медицина кызматкерлерине окутуу боюнча иш- чараларды жүргүзүлүп келе жатат.

Үстүбүздѳгү жылдын 10-февралынан баштап Ош облусуна караштуу Карасуу районунун 4 ( Нариман, Сары-Колот, Кашкар-Кыштак жана Отуз-Адыр) айыл аймактарында «Эки жашка чейинки балдардын тамактануусу» жана «Өспүрүм кыздардын жана төрөт мезгилиндеги аялдардын тамактануусу жана аз кандуулукту алдын алуу маселелери» боюнча окутуу семинарлары өткөрүлүүдѳ.

Окутуу-семинарларынын максаты — тандалып алынган айыл аймактардын үй-бүлөѳлүк дарыгерлер тобундагы медицина кызматкерлеринин туура тамактануу жана аз кандуулукту алдын алуу боюнча билим жана кеңеш берүү ыкмалары аркылуу калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.

Ѳткѳрүлүп жаткан окутуу-семинарлардын жүрүшүндѳ ар бир медицина кызматкери туура кеңеш берүүдө жардам берүүчү таркатма материалдар жана клиникалык протоколдор менен камсыз болушууда.

Ал эми, APNIP долбоору пилоттук айылдык аймактардын медицина кызматкерлеринин эне менен баланын, жаш ѳспүрүм кыздардын, кош бойлуу жана тѳрѳт мезгилиндеги аялдардын ден-соолугун чыңдоо, тамактануусунун сапатын жакшыртуу, санитария жана гигиенасын сактоо жѳнүндѳ билим деңгээлдерин жогорулатууда жана керектүү таркатма материалдары менен камсыз кылууда алгылыктуу иштерди жүргүзүп, ѳзүнүн салымын кошууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares