Чүй облусундагы «Энелердин жана балдардын ден соолугун толук баалуу тамактануу аркылуу жакшыртуу” боюнча тегерек стол

“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата Бүткүл Дүйнөлүк Банктын «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында аймактарды ѳнүктүрүү үчүн ѳлкѳ боюнча тандалып алынган 30 суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) жана 30 СПАга жанаша жайгашкан 30 айылдык аймактын калкынын тамактанууга болгон кулк-мүнѳзүн ѳзгѳртүү максатында «Энелердин жана балдардын ден соолугун толук баалуу тамактануу аркылуу жакшыртуу” тегерек столу 2020-жылдын 19-февралында Достук мейманканасында Чүй облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин ѳкүлдѳрүнүн, Сокулук, Кемин, Ысык-Ата, Москва жана Жайыл райондорунун акимдеринин, аталган райондордогу пилоттук айыл ѳкмѳттѳрдүн башчыларынын, айылдык кеңештин депутаттарынын, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын директорлорунун, үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер борборлорунун жана топторунун жетекчилеринин, ошондой эле долбоордун кызматкерлери менен айылдык ден соолук комитеттеринин активистеринин катышуусунда ѳткѳрүлдү.

Тегерек столдун максаты мамлекетибиздин келечеги болгон жаш муундардын ден соолугун туура тамактануу жана тамак-аштын сапатын жакшыртуу аркылуу чыңдоо.
Бул максатка ар бир үй-бүлѳѳдѳн баштап бардык бийлик бутактарынын катышуусу аркасында гана жетебиз.

Баса белгилей турган болсок, мындай иш-чара Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында ѳткѳрүлүп, бийликтин бардык бутактарын камтыган мекемелердин жетекчилеринин жана адистеринин катышуусунда ѳткѳрүлгѳн.

Чүй облусунун ѳкүлдѳрү катышкан иш-чаранын жүрүшүндѳ олуттуу маселелер козголду. Атап айтсак, тегерек столдун катышуучулары азыркы учурда ѳлкѳбүздѳ калк арасында аз кандуулук оорусунун деңгээлинин ѳсүүсү, ѳзгѳчѳ кош бойлуу аялдардын, ымыркай балдардын, жаш ѳспүрүм кыздардын аз кандуулукка чалдыгышы жана бул кеселди алдын алуу, ошондой эле айыл жеринде жашаган калктын тамактануудагы кулк-мүнѳзүн ѳзгѳртүүдѳ кандай чараларды кѳрүү боюнча маселелер талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares