Бүгүн биз Ош облусуна караштуу Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын Сары-Таш айылынын тургундарынын APNIP долбоорунун тийгизген пайдасы тууралуу ойлору менен бөлүшмөкчүбүз.

Курбанова Зарина: «Мен APNIP долбоорунун сабактарына катышып, өзүмө көп пайдалуу кеӊештерди алдым. Мисалы, мен боюма болгондон тартып долбоордун активисти Жороева Айсулуу эженин APNIP долбоорунун алкагында өткөн окуларына такай катышып, темир жана фолий кычкылын камтыган даарыларды кабыл алып, витаминдүү мөмө-жемиштерди, пайдалуу тамак аш менен тамактанып, “анемия” деген нерседен айыгып, кичинекей ымыркайлуу болдум.
Баламды 6 айга чейин жалаӊ эмчек сүтү менен багып өстүрдүм. Азыркы учурда кошумча тамакты долбоор таркаткан “6 айдан баштап 2 жашка чейинки курактагы балдардын тамактануусу” деген китепте көрсөтүлгөн сунуштарга ылайык берип жатам. Балама түрдүү ботко, жашылча пюресинен жасап берем. Шам-шум эттирем, баламдын өсүүсү жакшы, кыймылы активдүү, көӊүлү ар дайым ачык. Учурдан пайдаланып APNIP долбоорунун кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирмекмин. Ушундай долбоорлор көп болуп, айыл жергесинде жашаган тургундарга өз пайдасын тийгизсе деген тилекти айтмакмын дейт», — Зарина.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares