APNIP долбоору сугат сууга болгон муктаждыкты жоюнун аракетинде

Учурда APNIP долбоорунун ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүү программасына республика боюнча 31 суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) кирген.
Бүгүнкү күнгө карата долбоордун жардамы менен 5 СПАнын ички чарбалык каналдары оңдолуп, суу пайдалануучуларга колдонууга берилген. Калган 26 СПАда калыбына келтирүү, долбоорлоо жана башка иштер кызуу жүрүп жатат.
Биз окурмандарыбыз менен долбоордон пайда тапкан ар бир СПАнын жетишкендиктери менен бөлүшмөкчүбүз.
Бүгүнкү сөз түштүк жергесинде жайгашкан Ош облусуна караштуу Араван районундагы «Кур-Таш» суу пайдалануучулар ассоциациясы тууралуу болмокчу.
Кур-Таш СПАсы
«Кур-Таш» СПАсы райондун борбору Араван айылынан 65,0 км аралыкта Ош облусун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагында жайгашкан. СПАнын ирригациялык тармагы 1962-1972-жылдары бетон каналдар жана параболалык лотоктор менен курулган.
Бирок каражаттын жетишсиздигинен аталган СПАнын лоток менен курулган каналдарындагы суу түтүктөрү, суу өлчөгүч посттору жана трубалык көпүрөлөрү авариялык абалга жеткен. СПАнын тейлөө жерлери негизи шагыл менен майда таштан тургандыктан жер каналдарда чоң фильтрациялык суу жоготуулар болчу. Суу жетишсиз болгондуктан 500 га жер сугарылбай калган. Ошол себептен СПАнын жетекчилиги, райондук жана облустук СПАларды колдоо жана өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн адистеринин жардамы менен долбоордун калыбына келтирүү программасына кирип, өзүнүн ички чарбалык каналдарын учурда оңдоп-түзөп алды.
Бүгүнкү күнгө карата “Кур-Таш” СПАсында жалпы наркы 49,8 млн сомго калыбына келтирүү иштери аткарылды. Долбоордун алкагында 15,3 км ички чарбалык каналдар оңдолуп курулду, 1 суу ченөөчү курулма, ошондой эле 77 даана ирригациялык курулмалар курулду. Долбоордун жардамы менен СПАнын 2654 га жеринде сууга болгон муктаждык жакшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares