Кичи-грантка алынган техникалар

«Кур-Таш» СПАсына APNIP долбоорунун «Айыл чарбалык кеңеш берүү кызматтары» компонентинин алкагында наркы 30 000 долларды түзгөн кичи-грант берилген.

Кичи-грантты алуунун негизги шарты болуп СПА 10% өздүк салымын кошуу талап кылынган. Андан тышкары СПА өзүнүн айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн план иштеп чыгып, анын негизинде Техникалык тапшырма даярдап, жыйынтыгында өзүнө керектүү техниканы — трактор сокосу менен гранттык каражатка сатып алды.

Учурда алынган техниканын жардамы менен СПА өзүнө жана фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап-себүүдө чоң жардам көрсөтүүдө.

Андан сырткары, СПАнын суу пайдалануучуларына жана фермерлерине айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехнологиялары боюнча окутуулар теория жана практика жүзүндө өткөрүлгөн. Жалпысынан, СПАнын 314 фермери жүгөрүнү, люцернаны жана бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүнү үйрөнүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares