APNIP долбоорунун «Токтомуш» СПАсынын ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы

Ирригация

Эки жылдан бери Дүйнѳлүк банк башчылык кылган Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча Глобалдык программасынын «Айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору (APNIP) тарабынан «Токтомуш» суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) ички чарбалык ирригациялык түйүнүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, 2020-жылдын 30-ноябрында толугу менен ийгиликтүү аяктады.

Аталган СПА, Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылында, тагыраак айтканда Чаек айылынын райондук борборунун түштүк-чыгышынан 15 чакырым аралыкта жайгашкан. СПАнын жалпы сугат аянты 1722 га түзѳт. Калкынын саны 6045 адамдан жана 1298 кожолуктан турат.

Эгерде белгилей кетсек, долбоордун калыбына келтирүү программасына СПАны киргизүү үчүн ассоциация Дүйнѳлүк банк тарабынан аныкталган ѳнүгүүнүн 7 этабынан ѳтүүсү жана тандоо критерийлерине жооп берүүсү абзел.

Ѳткѳрүлгѳн баалоонун жыйынтыгы боюнча «Токтомуш» СПАсы долбоордун ички чарбалык инфраструктураны калыбына келтирүү программасына киргизилген. 2018-жылдын сентябрь айында курулуш иштерин аткаруучу уюм менен наркы 27 498 702 сомду түзгѳн келишим түзүлгѳн.

Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү учурунда 1447 га сугат аянтын тейлеген узундугу 3,567 км түзгѳн 6 ички чарбалык канал оңдолуп, 62 гидротехникалык курулмалар (башкы суу алуучу курулмалар, гидравликалык жуугучу бар тундурма, кѳпүрѳлѳр, түтүктүү ѳтмѳлѳр, суу тозуучу курулмалар, суу бѳлүп чыгаргычтар ж. б.) курулган. Долбоордун алкагында каралган баардык иштер толугу менен аткарылып, 2020-жылдын декабрында объект колдонууга берилген. Ички чарбалык каналдарды калыбына келтирүү иш-чаралары каналдардагы суунун ѳтүү жѳндѳмдүүлүгүн жогорулатууга, сууну эсепке алууну жѳнгѳ салууга, суунун жоголуусун азайтууга жана суунун пайдалуу аракет коэффициентин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түздү, ошондой эле суу берүүнүн жана сууну бѳлүштүрүүнүн кепилдигин түзүп берди. Аткарылган иштердин жыйынтыгында фермерлер айыл чарба ѳсүмдүктѳрү үчүн керектелүүчү суунун кѳлѳмүн алуусу, ошого жараша түшүмдүүлүктүн жогорулоосу күтүлүүдѳ.

Калыбына келтирүү иштеринен тышкары, долбоор тарабынан «Токтомуш» суу пайдалануучулар ассоциациясына 7 жылдык мѳѳнѳткѳ, анын ичинен 1 жылдык жеңилдетүү менен 50% кайтарымдык шартта экскаватор түрүндѳ техникалык кредит СПАнын ички чарбалык ирригациялык тармагын техникалык тейлѳѳдѳн ѳткѳрүп туруу максатында берилген.

Айыл чарба

СПАнын техникалык базасын чыңдоо жана анын айыл чарбасын ѳнүктүрүү планын ишке ашыруу максатында, APNIP долбоору тарабынан 10% СПАнын ѳздүк салымы менен 30 000 АКШ доллар түрүндѳ кичи грант берилген. Берилген каражатка СПА диск түрүндѳгү мала, картѳшкѳ отургузгуч, картѳшкѳ казгыч, топурак жумшарткыч (культиватор), топурак тегиздегич жана даары чачкыч сыяктуу айыл чарба техникаларын, ошондой эле картѳшкѳнүн үрѳнүн сатып алды.

СПАда 116 мүчѳдѳн, алардын ичинен калктын аярлуу катмарындагы 87 аялдан турган 14 ѳз ара жардамдашуу топтору (ѲЖТ) түзүлгѳн. ѲЖТнын баардык мүчѳлѳрү агротехника жана ар түрдүү тамактануу боюнча окутуулардан ѳтүшкѳн. Андан тышкары, алар жашылча жана тоют ѳсүмдүктѳрүнүн үрѳндѳрү менен камсыз болушкан.

Саламаттыкты сактоо

Долбоор тарабынан СПАнын жана СПАга жанаша жайгашкан Баш-Кууганды айылдык аймагынын элине туура тамактануу, аз кандуулукту алдын алуу жана башка темалар боюнча маалыматтар таратылган. Тагыраак айтканда, «Жалаң гана эмчек эмизүү. 6 айдан 24 айга чейин балдарга кошумча тамак берүү», «Аз кандуулукту алдын алуу. Колдорду жуу жана таза ажатканалар», «Ар түрдүү тамактануу. 1000 күн аралыгындагы эненин тамактануусу», «Азык-түлүктѳрдү коопсуз сактоо. Жашылча-жемиштерди ѳндүрүүнүн жакшыртылган ыкмалары» темалары боюнча 12717 адам окутулган. Андан тышкары, «Эрте курактагы балдардын тамактануусу, эки жашка чейинки балдардын, ѳспүрүм кыздардын жана тѳрѳт мезгилиндеги аялдардын тамактануусу жана аз кандуулукту алдын алуу» темалары боюнча Байзак жана Баш-Кууганды айылдык аймактарынан 1 врач жана 7 медайым окуудан ѳтүп, алар ѳз учурунда жергиликтүү калкка туура тамактануу жана аз кандуулукту алдын алуу боюнча кеңештерин беришүүдѳ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares