Тамчылатып сугаруу – мезгил талабы!

Акыркы кезде дүйнѳ жүзүндѳ суу жана жер ресурстарын интенсивдүү пайдалануу күч алды. Сугат сууну тура эмес пайдалануунун кесепетинен кээ бир региондордо жер деградацияга учурап, жер астындагы суулар кѳтѳрүлүп, жер бети шорлонууга айланып, айыл чарба ѳсүмдүктѳрүнүн түшүмдүүлүгү азайгандан азайып бара жатат.

Жогоруда айтылган терс кѳрүнүштѳргѳ каршы күрѳшүүнүн негизи болуп, жердин агротехникасы жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча билимди жогорулатуу болуп саналат. Айыл чарба ѳсүмдүктѳрүнѳн жогорку түшүм алуунун негизги фактору — сугатты туура уюштуруу эсептелинет. «Суу – ѳсүмдүктүн каны», — демекчи, ѳсүмдүккѳ суу ѳз убагында, керектүү ѳлчѳмдѳ берилсе, анда анын ѳсүүсү жакшы болот.

Ал эми кийинки мезгилде сугаруу ыкмасын «Даректүү сугаруу» деп атап келишет. Бул да жѳн эмес. Анткени, ар бир айыл чарба ѳсүмдүгүнүн тамырына гана ным жана азык зат жеткирилет. Ошонун эле жанында ѳскѳн отоо чѳптѳргѳ суу жетпей калат. Натыйжада ал куурап жок болот. «Тамчылатып сугаруу» деген термин акыркы учурда дыйкандардын сезимине сиңип калды.

Республиканын кээ бир райондорунда, негизинен, түштүк райондордо ар бир атуулга бѳлүнгѳн жер үлүшүнүн аянты аябай эле аз ѳлчѳмдѳ (Баткен облусунун кээ бир жерлеринде 3 сотых) болгондуктан, фермерлер кайрак, эңкейиш, ѳңгүл-дѳңгүл, таштак, ыңгайсыз, суу жетпеген жерлерди ѳздѳштүрүүгѳ аракет жасашууда.

Андан тышкары, таштак, кумдак жерлерде да, сугат суу жер астына сиңип, сугаруунун эффективдүүлүгү начарлайт. Мындай жерлерде жер бети менен сугаруу жакшы натыйжа бербейт. Сугаттын адаттагыдай ыкмаларын колдонуу мумкүн болбогон жерлерде тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуу аябай эффективдүү. Тамчылатып сугаруу — айыл чарба ѳсүмдүктѳрүн (мѳмѳ-дарактар, жүзүм, помидор ж. б. кирешелүү ѳсүмдүктѳр) сугаруунун прогресивдүү ыкмаларынын бири.

Суу жоготуусуз, полиэтилен түтүктѳрү аркылуу, тамчылаткычтардын (капельница) жардамы менен ар бир ѳсүмдүктүн түбүнѳ берилет жана топурактын тамырлар жайланышкан зонасын гана нымдайт. Мындай учурда суу ѳсүмдүккѳ белгилүү ѳлчѳмдѳ гана берилип, ал жоготууга жана терең фильтрацияга кетпейт, жердин жуулуп кетүүсүнѳ, шорлонуусуна, бузулуусуна жол берилбейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares