APNIP долбоору тарабынан СПАларга кѳрсѳтүлүп жаткан жардамдар (Жалал-Абад)

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун «Оби-Хаёт» СПАсына 58 тонна карбамид жер семирткичи грант түрүндѳ #APNIP долбоору тарабынан бѳлүнүп, жерине жеткирилип берилди.
Ѳз учурунда СПАнын жетекчилиги берилген жер семирткичти жеңилдетилген шарт менен базар баасында СПАнын мүчѳ-фермерлерине таратып берди. СПАнын мүчѳлѳрү алган жер семирткичти СПАнын айлантма фондуна үстүбүздѳгү жылдын күз айларында акчалай кайтарып берүүсү керек.
! СПАнын айлантма фонду – СПАнын мүчѳлѳрүнүн айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана үрѳн фондун кеңейтүү максатында уюштурулган. Айлантма фонддун шарттары баардык СПАларда бирдей #APNIP_WUAsfoodsafety_СПАлардыназыктүлүккоопсуздугу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares