APNIP ДОЛБООРУ АРАКЕТТЕ

«Айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында берилген сапаттуу үрѳндѳрдү жана жер семирткичтерди пилоттук СПАларга жер-жерлерге жеткирип, тапшыруу берүү жумуштарынын биринчи этабы аткарылды. #APNIP долбоорунун максатына ылайык СПАларда окутуу иштерин гана жүргүзбѳстѳн, СПАнын мүчѳлѳрүн сапаттуу үрѳн (жүгѳрү) менен камсыздап, карбамид жана аммофос жер семирткичтери керектүү ѳлчѳмдѳ таратылып берилди. Түндүк региону боюнча Чүй облусундагы 4 СПАга 12000 кг, Баткен облусундагы 2 СПАга 7000 кг, Ош облусундагы 5 СПАга 14100 кг, Жалал-Абад облусундагы 4 СПАга 23500 кг жүгѳрүнүн сапаттуу үрѳнү таратылып берилди. Ал эми жалпы кѳлѳмү 1361291 кг түзгѳн карбамид жана 1191273 кг түзгѳн аммофос жер семирткичтери 30 пилоттук СПАга таратылып берилди. Таратылып берилген үрѳн менен жер семирткичтерди туура пайдалануу боюнча кеңештер долбоорду ишке ашыруу бѳлүмүнүн адистери жана СПАнын агроном-консультанттары менен биркеликте СПАнын мүчѳлѳрүнѳ берилүүдѳ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares