Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата APNIP долбоорунун алкагында акция Ысык-Ата районунда өткөрүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кеңеш айылында 2021-жылдын 3-августунда #APNIP долбоорунун алкагында 1-7 август күндѳр аралыгында “Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына” карата “Эне сүтү — жашоонун маңызы” аттуу акция болуп өттү. Бул иш-чарага 7-8-9 ай болгон 5 кош бойлуу келин жолдоштору менен, жергиликтүү тургундар, айыл ѳкмѳттүн ѳкүлдѳрү, АДКнын мүчөлөрү, ФАПтын кызматкерлери жана аймактын Ден-соолукту чыңдоо кабинетинин адиси, жалпы 42 адам катышты.

Акцияны Кеңеш орто мектебинин комузчулары жана бийчилер тобу коштоп, жогорку деңгээлде шаңдуу ѳткѳрүлдү.

Иш-чарага катышкан жаш жубайларга жалпысынан 5 суроо берилип, ар түрдүү жооптор алынды. Мисалы: Аялы толготуп, тѳрѳт үйүнѳ алып баруучу буюмдарды чогултууга алы жок болгон учурда жолдошу кандай буюмдарды чогултуу боюнча тапшырма берилди. Ушуга окшогон суроо-жооптордун жыйынтыгында калыстар тобу жеңүүчүлѳрдү аныктады.

  1. 1-орунга Джуманалиев Алтынбек келинчеги Мамытова Элнура менен ээ болуп, тѳрѳт үйүнѳ алып бааручу буюмдары менен бирге сумка берилди.
  2. 2-орунга Эркинбек уулуу Кубанычбек ѳмүрлүк жары Момуналиева Аида ээ болушуп, аларга бала жуундуручу комплект тапшырылды.
  3. 3-орунга Шекербеков Эсен жубайы Искакова Салтанат ээ болуп, токулган тѳшѳк-конверти берилди.
  4. 4-орунга Гасанов Радик менен келинчеги Гасанова Феруза ээ болуп, муслин тѳшѳкчѳсү белекке берилди.
  5. 5-орунга Искаков Анарбек жана жубайы Муратбек кызы Кундуз ээ болуп, баланын жүз аарчысы таптышырылды.

Бул акция болочокто тѳрѳлѳ турган наристенин ден-соолугуна үй-бүлѳѳдѳ бир гана кош бойлуу эне эмес ымыркайдын атасы жана үй-бүлѳѳ мүчѳлѳрү да катышып, балага алдын ала кам кѳрүүгѳ багытталган.

#Бүткүлдүйнөлүкэнесүтүмененбагуужумалыгы #APNIPдолбоору

0Shares