Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудовдун кичи мекенинде өткөрүлгөн акция

2021-жылдын 5-августтунда “Бүткүл дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына” карата APNIP долбоорунун алкагында Ош облусуна караштуу Араван районунун С. Юсупов айыл аймагындагы Октябрь айылында акция өткөрүлдү.

Иш-чарага кош бойлуу энелер, беш жашка чейинки баласы бар энелер, аталар, ФАПтын медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, айыл ѳкмѳттүн жана Араван райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү, жалпы 50 адам катышты.

Кириш сөз менен Араван райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Токтосинов Мурадыл сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө акция өткөрүп жаткан долбоорго ыраазычылыгын билдирди жана Араван элинин кулуну Акжол Махмудов Токио олимпиадасында күмүш медалдын ээси болушу менен акцияга катышуучуларды куттуктады. Акциянын жеринде уюштуруучусу – долбоордун Ош облусунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан КАДКнын координатору – Т. Шанкаев жана Араван районунун активисти – М. Сабирова катышуучуларга акциянын максатын түшүндүрүшүп, тѳмѳндѳгү негизги маалыматтарга токтолушту.

Акция сүтүнүн артыкчылыктарын калайык калкка жеткирүүгѳ жана ымыркай балдардын ден–соолугун эмчек эмизүү аркылуу чыӊдоого, эмчек сүтүнүн артыкчылыктарын пропогандалоого багытталгандыгын баса белгилешти.

Иш-чарага 5 үй-бүлөө катышып, калыстар тобунун чечими менен төмөнкү үй-бүлөөлөр жеӊүүчү болуп табылды.

  1. 1-орун Ибрагимовдордун үй-бүлѳѳсүнѳ
  2. 2-орун Шамшидиновдорго
  3. 3-орун Мирзаевдерге
  4. 4-орун Халдаровдорго
  5. 5-орун Сайитовдорго берилди.

Аталар үчүн берилген тапшырмалар эӊ кызыктуу өтүп, аталар бала жана энеге байланыштуу ар түрдүү суроолорго жооп, долбоор тарабынан белектерге ээ болушту. Катышычуулардын арасында да суроо/жооп викторинасы өткөрүлүп, активдүү катышкандарга долбоордун атынан белектер тапшырылды.

#Бүткүлдүйнөлүкэнесүтүмененбагуужумалыгы #APNIPдолбоору

0Shares