«Менин бакчам — үй бүлѳѳмдүн ден-соолугу»

«Үй-бүлѳѳмдүн ден-соолугуна ушул ѳзүмдүн багып жаткан бакчамдагы жер-жемиштердин пайдасы чоң экенин байкабаптырмын», — дейт Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын тургуну Караева Гулмира.

Караева Гулмира азыркы тапта 54 жашта, 6 баланын энеси. Жашоомдо эки жумуш менен алектенем.

Тоого чыгып, мал багабыз жана кайра айылдагы бакчама жер-жемиштерди айдап багам. Айылдагы активист кыз-келиндер кѳп эле маалыматтарды айтып келсе, кунт коюу менен укканга аракет кылам. Шартым болгондо #APNIP долбоорунун окууларына катышып калам. Эки жылдан бери жер-жемиштин ден-соолукка пайдасы чоң экенин кененирээк таанышкандан бери жана сактоо ыкмаларын билгенден кийин бакчамды чоңойтуп, болгон жер-жемиштин түрлѳрүн айдаганга аракет кыла баштадым.

Мурда баардык жер-жемиштерди кошуп кууруп, туздап, салаттардын түрүн жасаган болсок, азыр болсо «Тоңдуруу, кургатуу» ыкмаларын колдонуп, 12 ай бою витаминдүү жер-жемиштерди колдонууга ѳттүм. Балдарым чоңоюп кетишсе да витаминдүү жер-жемиштерди кѳбүрѳѳк пайдаланып, дасторконго жаңы салаттарды жасаганды, мындан тышкары неберелериме сабизди, болгар калемпирин чийкилей жегенди үйрѳтүп жатам. Бул тоңдуруу, кугатуу ыкмаларынын дагы бир пайдалуу жагы капчыгына да үнѳмдүү болот экен.

Азыркы тапта ѳзүмдүн бакчамда баардык жер-жемиштин түрлѳрүн ѳстүрүүдѳмүн.

Мисалы: болгар калемпири, помидор, бадыраң, сабиз, кызылча, баклажан, сарымсак, пияз, кѳк шак чѳптѳрдүн түрү, анделек, дарбыз, ашкабак, кѳк буурчак, жүгѳрү жана башкаларды айдап ѳстүрүүдѳмүн. С, А витаминди, темирди, фолий кычкылын, энергияны ушул жашылчалардан алса болоорун балдарыма, кошуналарыма, теңтуштарыма айтып, огородумдагы жашылчалардан ооз тийгиле деп сунуштап жатам. Ошону менен бирге, айылдагы кыз-келиндерге «ѳзүңѳр баккан жер-жемиштер берекелүү жана витаминдүү болот, кѳбүрѳѳк айдап, кышкыга да жаңы ыкмалар менен сактап алгыла» деп кеңештеримди берүүдѳмүн.

«Эң негизгиси, бул APNIP долбоорунун жүргүзүп жаткан иштери, ѳзгѳчѳ туура тамактануу, аз кандуулукту алдын алуу, ден-соолукка кам кѳрүү боюнча таратып жаткан маалыматтары айылдагы жергиликтүү эл үчүн абдан пайдалуу экенин баса белгилеп кетмекчимин», дейт Гулмира Караева.

0Shares