Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында Талаа күнү ѳткѳрүлдү

Үстүбүздѳгү жылдын 27-август күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында ал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында #APNIP долбоорунун алкагында уюштурулган талаа күнү ѳткѳрүлдү.

Иш-чарага Ноокен райондук агрардык ѳнүгүүнү башкаруу мекемесинин директору — А. Асанов, Сакалды айыл аймагынын биринчи орун басары – Э. Исмаилов, Таймѳнкү СПАнын жетекчиси — М. Назирбаев, айылдык кеңештин тѳрагасы — А. Нышанбаев, Ноокен районун Достук, Сейдикум айыл аймактарындагы ѳз-ара жардамдашуу топтору, Жалал-Абад айылдык кеңеш берүү кызматынын адистери, АИРдин координатору — К. Орунбаеева, Органика департаментинин Жалал-Абад облусундагы филиалынын ѳкүлү -А. Ахмедов, туура тамактануу боюнча айылдык АДКнын ѳкүлү – К. Салиева жана кызыктар фермерлер, жалпы 56 киши, алардын ичинен 45 аял катышты.

Талаа күнүнүн эң негизги максаты долбоор тарабынан түзүлгѳн ѳз-ара жардамдашуу топторунун арасында жашылча ѳстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, туура тамактануу, үй шартында тамактануунун деңгээлин жакшыртуу, айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин тѳмѳндѳтүү болуп саналат.

Иш-чарада Таймѳнкү СПАсынын тѳрагасы долбоор тарабынан кѳрсѳтүлүп жаткан жардамдар тууралуу кеңири айтып, 3-компоненттин ишмердүүлүгү жѳнүндѳ катышуучуларга толук маалымат берди.
Талаа күнүндѳ жалпы катышуучулар 3 топко бѳлүнүп:

  1. 1-топ жашылча илдеттерине каршы органикалык биологиялык каражаттарды колдонуу;
  2. 2-топ болгар калемпирин жана капустаны ѳстүрүүнүн агротехникасын;
  3. 3-то помидор жана бадыраңды ѳстүрүүнүн агротехникасын практика жүзүндѳ катышуучуларга кѳрсѳтүп беришти.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында Талаа күнү ѳткѳрүлдү.

0Shares