APNIP долбоору Бүткүл Дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата иш-чараларды өткөрүү аракетинде

Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан баштап Бүткүл Дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгы биздин да мамлекетибизде башталды. Ал эми бул жумалык быйылкы жылы «Биз эне сүтү менен багуунун маанилүүлүгүн маалыматтайбыз жана колдойбуз» деген ураан менен өтмөкчү.
Мына ушул жумалыкты колдоо аркасында APNIP долбоору иш алып барган аймактарда жумалыкка арналган ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Алгач иш-чара Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндө башталды. Ага үй-бүлөдө 2 жашка чейинки балдары бар энелер катышышты. Акциянын жүрүшүндө эмчек эмүүзүнүн артыкчылыгы тууралуу энелерге суроолор берилип, интерактивдүү жол менен өткөрүлдү.
Бул иш-чара #APNIP долбоору менен камтылган айылдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте долбоордун 3-компонентинин иш-чараларынын туруктуулугун жамааттарда камсыздоо максатында иш–план иштелип чыгып, каржылоо булактарын аныктап, каражаттарды эне менен балага керектүү иш-чараларды өткөрүүгө каралган.
Аталган акция аялдар кеңешинин төрайымынын, ден-соолукту чыңдоо кабинетинин башчысынын, айыл өкмөттүн социалдык өнүктүрүү адисинин жана маданият кызматкерлеринин, долбоордун ыктыярчыларынын жана активисттеринин катышуусунда өттү. Бул иш-чарага айыл өкмөт тарабынан кызыктыруучу белектерге 4000 сом бөлүнүп, жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланып, иш-чара эң жогорку деңгээлде өттү.
#APNIP #GAFSP #WB #WRS_СВР #Бүткүлдүйнөлүкэнесүтүмененбагуужумалыгы

0Shares