Кызыл-Суу айылдык ден соолук комитетине атайын кабинет берилди

#Жакшы_окуя_Чуй

Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтү тарабынан Кызыл-Суу айылдык ден соолук комитетине, Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу (APNIP) долбоорунда активдүү иш алып барып жаткан салымы үчүн атайын кабинет берилди. 🙌 Айыл өкмөттүн балансында турган бөлмөнү Кызыл-Суу айылынын ыктыярчылары — АДК мүчөлөрү өз демилгелери жана өз каражаттары менен ремонттон өткөрүп, ачылыш аземин өткөрүштү. 🏠 Бул бөлмө ден соолук багытында иштеп жаткан ыктыярчылардын ден соолук жана уюштуруучулук өнүгүү боюнча жолугушууларын өткөргөнгө, ден соолук боюнча маалымат баракчаларын сактаганга аябай ыңгайлуу болду. #АДК#APNIP#Ыктыярчылар

0Shares