Баткен облусундагы “Толук баалуу тамактануу аркылуу эне жана баланын ден соолугун колдоо” боюнча тегерек стол

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары, Кадамжай жана Лейлек райондорунун акимдеринин орун басарлары, Катран, Тогуз-Булак, Бирлик жана Орозбеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын, Кырк-Булак жана Гауян СПАларынын директорлорунун, үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборлорунун жана үй-бүлөөлүк дарыгерлер топторунун башчыларынын, долбоордун Баткен облусундагы координаторунун жана активистеринин, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчилигинин жана адистеринин, КАДКанын кызматкеринин катышуусунда “Толук баалуу тамактануу аркылуу эне жана баланын ден соолугун колдоо” тегерек столу болуп өттү.

Тегерек столдун максаты эне менен баланын ден соолугуна коомчулуктун көӊүлүн буруу жана алардын тамактануусундагы көйгөйлөрдү калктын маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу чечүү.

Тегерек столдун жүрүшүндө олуттуу маселелер козголуп, аларды чечүүгө бардык кызыктар тараптар, алардын ичинде жергиликтүү өкүлчүлүктөр колдоого алып, чечүүгө аракеттер көрүлө тургандыгын Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Осмоновна Сатарова баса белгиледи.

Тегерек столдун жүрүшү Баткен телевидениясынын жаӊылыктарында көрсөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares