APNIP долбоорунун Ысык-Көл өрөөнүндөгү ишмердүүлүгү

Учурда Айыл чарбасы жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча Глобалдык программа тарабынан каржыланып, Дүйнөлүк банк башчылык кылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору (APNIP) 3 жылдан бери өлкө боюнча өз ара жардамдашуу топторун (ӨЖТ) түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Бүгүнкү күндө долбоор тарабынан курамы 10 адамдан турган 9000 өз ара жардамдашуу топтору түзүлүп, учурда чоӊ ийгиликтерге жетишүүдө.
Сиздер менен мына ушул Ысык-Көл өрөөнүндө түзүлгөн ӨЖТлар тууралуу ийгиликтүү баян менен бөлүшмөкчүбүз. 2018-жылы 1-потокто Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынан 35 мүчө катышып, 7 мүчөдөн турган 5 өз ара жардамдашуу тобу түзүлгөн. Долбоор аркылуу мүчөлөргө жашылчалардын 5 түрүнөн турган (помидор, бадыраӊ, капуста, сабиз, кызыл кызылча) 0,01 га жерге жетиштүү үрөндөр таратылып берилген. ӨЖТнын мүчөлөрү үрөндөрдү себүүдөн баштап, түшүм алганга чейин агрономдор менен тыгыз байланышта болуп, агросабактарга абдан кызыгуу менен катышып келишүүдө. Жыл сайын эккен жашылчалардын түшүмдөрү жакшы болуп, үйдө өздөрү аларды кенен пайдаланып, ашыкчасын сатып пайда көрүштү. Ал гана эмес, алар ортолук фонд түзүп, ай-сайын 50 сомдон чогултуп, өздөрүнүн керектөөсүнө жумшашты. Ал эми экинчи жылы өздөрү каражат чогултушуп, сапаттуу үрөндөрдү тапшырык кылып алдырып себишти.
Ал эми өткөн жылы аларга долбоор аркылуу кичи жабдыктар (1 туннель парниги, 3 кургатуучу шкаф, 7 жеке парниктер) таратылып берилди. Ушул эле жылы «Ийгилик» тобунун лидери Акматова Сайкалдын жер тилкесине орнотулган туннель парнигин иш жүзүндө пайдаланып көрүп, ага бадыраӊ отургузушуп, түшүм алганга үлгүрүштү. Быйылкы жылы бул топтун мүчөлөрү помидордон 2000 даана, капустадан 1500 даана, болгар калемпиринен 1000 даана, бадыраӊдан 1000 даана ашыкча үрөндөрдү алып, карантиндин убагында колунда жок, жардамга муктаж адамдарга бекер таратып беришти. Топтун мүчөлөрү өздөрү огороддорго отургузгандан ашканын базар баасынан арзан сатып, азыркы учурда дагы талыкпай эмгектенип келишүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares