Кызыл-Суу айылдык ден соолук комитетине атайын кабинет берилди
Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтү тарабынан Кызыл-Суу айылдык ден соолук комитетине, Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу (APNIP) долбоорунда активдүү иш алып барып жаткан салымы үчүн атайын кабинет берилди. Айыл өкмөттүн балансында турган бөлмөнү Кызыл-Суу айылынын ыктыярчылары — АДК мүчөлөрү өз демилгелери жана өз каражаттары менен ремонттон өткөрүп, ачылыш аземин өткөрүштү. Бул бөлмө ден соолук багытында иштеп жаткан ыктыярчылардын ден соолук жана уюштуруучулук өнүгүү боюнча жолугушууларын өткөргөнгө, ден соолук боюнча маалымат баракчаларын сактаганга аябай ыңгайлуу болду. #АДК#APNIP#Ыктыярчылар