APNIP долбоору Бүткүл Дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата иш-чараларын улантууда

Бүткүл Дүйнөлүк эне сүтү менен багуу жумалыгына карата кароо-сынак түрүндөгү дагы бир иш–чара Жалал–Абад облусунун Ала–Бука районунун Ак–Коргон айыл өкмөтүндө “Бала эмизүү – эненин эң чоң бактысы” аттуу темада өттү. Ага үй-бүлөдө 2 жашка чейинки балдары бар энелер катышышты. Кароо-сынактын шарты боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, аларга айыл өкмөт тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды, алар:

  1. 1 –орун: Хайриллаева М. – Tefal үлгүсүндөгү термо чайник
  2. 2 – орун: Умурова Г. – идиш аяктар топтому (набор)
  3. 3 – орун: Тургунбаева Ф. — үйгө керектелүүчү каражаттар

Кароо сынакка айыл өкмөт тарабынан 6000 сом бөлүндү.

Бул иш-чара #APNIP долбоору менен камтылган айылдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте долбоордун 3-компонентинин иш-чараларынын туруктуулугун жамааттарда камсыздоо максатында иш–план иштелип чыгып, каржылоо булактарын аныктап, каражаттарды эне менен балага керектүү иш-чараларды өткөрүүгө каралган.
#APNIP #GAFSP #WB #БүткүлДүйнөлүкэнесүтүмененбагуужумалыгы #ЖалалАбадАлаБукаАкКоргонайылы

 

0Shares