АТ-БАШЫ: КАНАЛ ЖАҢЫРТЫЛЫП КУРУЛУП, ЭКИ КӨПҮРӨ САЛЫНДЫ

«Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору аркылуу Казыбек айыл өкмөтүнүн «Баш-Келтебик-1» СПАсында ички чарбалык сугат тармагын калыбына келтирүү үчүн «Баш-Келтебик-1» каналынын 2,4 чакырымы кайра оңдолуп, толугу менен бетондолуп, эки суу бөлүштүргүч, эки көпүрө жаңы салынды.
Жалпысынан 19 миллион 120 сом жумшалган бул курулушту «Жалал-Абад СМУтт» ЖАК мекемеси ишке ашырды. Оңдолуп курулган каналды жакын арада ишке берүү күтүлүп жатат.
Эске салсак, бул курулушту Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, «Суу» ресурстары мамлекеттик агенттиги, «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун ишке ашыруу бөлүмү каржылашкан. (Т.Султанов).

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=183127344195983&id=111413118034073

0Shares