Урматтуу айымдар!

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Дүйнѳлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бѳлүмү жалпы аялзатын бүгүнкү 8-март – «Эл аралык күнү» менен куттуктайт!
Аял бул үйдүн куту, турмуштун туткасы, балдардын мээнеткеч тарбиячысы гана болбостон, ал эне катары табият тартуулаган асыл касиети, сүйүүсү, сулуулугу менен бүт дүйнөнү сактап, бул жашоого көрк берип келет.
Мына ушул күнү бардык мээримдүү, касиеттүү, алтындай энелерибизге, жашоонун ысык-суугун бирге бѳлүшкѳн шеригибиз жарларыбызга, сүйкүмдүү, келбети келишкен кыз-келиндерибизге канча таазим кылсак да аздык кылат.
Учурдан пайдаланып бардык аялзатын бүгүнкү майрамы менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден-соолук, узун ѳмүр, үй бүлѳѳлүк бакыт-таалай каалап, алдыга койгон ой-максаттарыңыздардын орундалышына тилектешбиз.

Дүйнѳлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бѳлүмүнүн директору
Уланбек Тѳрѳгельдиев

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares