«Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору бала-бакчаларды да өзүнүн иш-чараларына тартууда

2019-жылдын 27-март айында Чек-Абад Айыл аймагына караштуу Пахтачы айылынын «Навбахор» бала бакчасында «Туура тамактануу — балалыктан башталат!» аттуу конкурс «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында Чек-Абад айыл өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлдү. Конкурс Чек-Абад айыл аймагындагы долбоордун активисти Ташбаева Зубайда, Араван районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун ден-соолукту чыӊдоо канасынын башчысы Кутманова Нускайым тарабынан уюштурулду. Өткөрүлгөн конкурска Чек-Абад айыл өкмөтүнүн орун басары Жаныбекова Гульсара жана айыл өкмөттүн кызматкерлери катышышты. Конкурстун шарты боюнча ата-энелер жана балдар — туура тамактануу боюнча суроолорго жооп берип, сүрөт тартып, витаминдүү салаттарды жасашты. Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеӊүүчүлөргө белектер тапшырылды. Бул иш-чарага Чек-Абад айыл аймагына жанаша жайгашкан беш башка айылдын бала бакча жетекчилери катышышып, өз бала-бакчаларында да ушундай конкурстарды өткөрүүнү пландаштырышууда.

Мындай конкурстардын өткөрүлүүсү балдардын жана үй-бүлөдөгү туура тамактанууга болгон мамилени жакшыртууга шарт түзөт, анткени туура тамактануу тартиби ар бир үй-бүлөгө жайылса, бул ден-соолуктун негизи!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares