Чон-Капка айылындагы “Таза колдор-ден-соолуктун булагы!” акциясы

Талас облусунун Манас районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Чоң-Капка айылынын “Рахман уулу Баялыш” атындагы орто мектебинде жана “Айсезим” бала бакчасында 17-октябрда APNIP “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорунун алкагында “Таза колдор-ден-соолуктун булагы!” деген темада акция өткөрүлдү.

Акцияга жалпысынан 195 киши катышты, алардын ичинде 21 мугалим (анын ичинен 4 эркек 17 аял), 35 ата-эне (анын ичинен 5 эркек, 30 аял), 41 мектептин 4-5 класстарынын окуучулары (21 кыз, 20 эркек бала), 39 мектептин 8-9 класстарынын окуучулары (17 эркек, 22 кыз), “Айсезим” бала бакчасынан 3-5 жаштагы 55 бала (26 кыз, 29 эркек), 4 айым, долбоордун ыктыярчылары.

Акцияда сүрөт, ыр, бий конкурстары, Манас айтуу, декламация айтуу, кол күрөш оюндары уюштурулуп, ыктыярчылар таза колдор баракчасын элге таркатышып, маалымат беришти.

Конкурстардын жеӊүүчүлөрүнө жүз аарчы, самын, салфетка берилди, ал эми бала бакчага 25 даана самын, кол аарчы, кумган, салфеткалар жана башка гигиеналык каражаттар белекке берилди.

Акцянын катышуучулары колду таза, самын менен жууп жүрсө, дени сак болооруна ишеништи!

Колду жууп, ден соолукта болуӊуздар!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares