«Ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы», президент С.Жээнбеков.

Ѳлкѳ башчыбыз 2020-жылды «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялаганы баарыбызга белгилүү. Мына ошол президентибиздин жарлыгын ишке ашыруу максатында APNIP долбоорунун алкагында ѳлкѳбүздүн жети дубанында эне менен баланын, жаш ѳспүрүм кыздардын, кош бойлуу жана тѳрѳт мезгилдеги аялдардын ден-соолугу, тамактануусу, санитария жана гигиенасы жѳнүндѳ ар тараптуу иш-чаралар жүргүзүлүп келе жатат.

Мына ушул үстүбүздѳгү жылдын 3-февралынан баштап Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагында «6 айга чейин жалаң гана эмчек эмизүү жана 6 айдан баштап 2 жашка чейин кошумча тамак берүү» темасында окутуулар башталды. Окутуулар ар бир айылдын демилгечи топторуна ѳткѳрүлүп, ар бир ыктыярчыга маалыматты таркатууда жардам берүүчү таркатма материалдар берилди. Бул материалдар 2 жашка чейинки баланы толук кандуу тамактантандыруу үчүн керектеле турган негизги маалыматтарды камтып, баардык 1000 күндүк үй-бүлѳѳлѳргѳ таркатылат. Ыктыярчылар окутууларга жигердүү катышып, элдин ден-соолугун бекемдѳѳдѳ аз да болсо салым кошкондоруна кубанычтуу экендерин билдиришти.

Окутуулардан сырткары ар бир айылда долбоордун кызматкерлери жана ыктыярчылары тарабынан сурамжылоо жүргүзүлүп турат. Бул сурамжылоонун негизги максаты болуп элге маалымат канчалык деңгээлде жетип жаткандыгын жана кандай иш-чараларды колдонсо максатка толук жете тургандыгын аныктоо эсептелет.

Долбоорду ишке ашырууда ыктыярчыларыбыздан сырткары Бирлик жана Орозбеков Айыл ѳкмѳттѳрүнүн жамааты жана медицина кызматкерлери чон салым кошууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares