Ош облусундагы “Толук баалуу тамактануу аркылуу эне жана баланын ден соолугун колдоо” боюнча тегерек стол

2020-жылдын 30-январында Ош облусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Араван, Ноокат, Өзгөн, Карасуу жана Кара-Кулжа райондорунун акимдеринин орун басарлары, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын, Ходжа-Арык, Аброр, Кызыл-Бостон, Теӊ-Алыш, Куршаб-Арзыбек, Курташ жана Эне-Сай СПАларынын директорлорунун, үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборлорунун жана үй-бүлөөлүк дарыгерлер топторунун башчыларынын, долбоордун Ош облусундагы координаторунун жана активистеринин, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчилигинин жана адистеринин, КАДКанын кызматкеринин катышуусунда “Толук баалуу тамактануу аркылуу эне жана баланын ден соолугун колдоо” тегерек столу болуп өттү.

Тегерек столдун максаты эне менен баланын ден соолугуна коомчулуктун көӊүлүн буруу жана алардын тамактануусундагы көйгөйлөрдү калктын маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу чечүү.

Тегерек столдун жүрүшүндө олуттуу маселелер козголуп, аларды чечүүгө бардык кызыктар тараптар, алардын ичинде жергиликтүү өкүлчүлүктөр колдоого алып, чечүүгө аракеттер көрүлө тургандыгын Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Махаммов Ахмаджан Махаммович баса белгиледи жана уюштуруучуларга, ошондой эле долбоордун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Тегерек столдун жүрүшү ЭлТР каналында көрсөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares