Бирге коронавирусту жеӊебиз!

Жыл сайын жаздын башталышы менен айдоо иштерин жүргүзүү үчүн кызуу даярдыктар көрүлүп, ички жана чарба аралык каналдарды тазалоо иштери аткарылып келген болсо, азыркы учурда дүйнөнү, аны менен бирге Кыргызстанды коронавирус инфекциясы каптаганына карабастан бул иштер үзгүлтүксүз уланууда. Анткени дыйкан үчүн жаздын бир күнү бир жылга тете.

Мына ушул күндөрү, APNIP долбоорунун 3-компонентинин активистери жана ыктыярчылары долбоордун максаттуу аймактарында ден-соолукту чыӊдоо кабинеттеринин кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү¸ үй-бүлөөлүк дарыгерлер топторунун жана фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлери менен биргеликте долбоордун алкагында басылып чыккан маалымат материалдарын жана өздөрү тиккен беткаптарды муктаж адамдарга бекер таратышууда. Ошону менен бирге, калкка:
— жеке гигиена эрежелерин сактоо;
— колду тез-тезден 20 секунддан кем эмес убакыт самындап жуу же аларды спирт камтылган антисептик менен тазалоо;
— жуулбаган кол менен көздү, мурунду жана оозду кармабоо;
— жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз жана мурунду кагаз кол аарчы менен жабуу же чыканактын бүгүлгөн жерине чүчкүрүү жана жөтөлүү;
— вирустун жайылышын алдын алуу үчүн беткапты колдонуу;
— керектүү гана учурларда үйдөн чыгуу (дүкөн, дарыкана, оорукана), калган учурларда үйдө гана болуп, башка адамдардан обочолонуу;
— курч мүнөздөгү вирустук инфекция (ОРВИ) оорусунун белгилери бар адамдар менен кол кармышып, кучакташып, өбүшүп учурашуудан алыс болуу;
— курч мүнөздөгү вирустук инфекциянын белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөл, кыйналып дем алуу) пайда болгон учурларда айлана-чөйрөдөгү адамдарга илдетти таратпоо үчүн беткапты тагынуу;
— бөлмөнү бат-баттан желдетип жана тазалап туруу боюнча маалыматтарды таратышууда.

Эгерде, өлкөбүздүн ар бир жараны бул вирустун белгилери тууралуу билсе, аны алдын алуу боюнча чараларды көрсө, өзүн, өз үй-бүлөөсүн жана коомду бул вирустан сактоо үчүн баардык чараларды көрсө, анда биз коронавирусту жеӊе алабыз.

Ошондуктан, урматтуу жарандар, Сиздерди коронавирустан коргонуу боюнча баардык чараларды көрүүгө чакырабыз, #ҮйдөБол #БиргеЖеңебиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares