«Ден соолук — табылгыс байлык»

APNIP долбоору Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, бактылуу жубай Абдуллаева Айжандын аталган долбоордун алкагында жетишкен ийгиликтүү окуясы менен бѳлүшмѳкчү. Айжан 39 жашта. Алтындай болгон 3 уулдун жана 1 кыздын энеси. Улуу баласы 10-класста окуйт, андан кийинкиси 9-класста, үчүнчү баласы 5-класста, эң кенже кызы 1-класс. Ал ѳз ѳмүрүн балдарына арнап, алардын келечеги үчүн кам кѳрүп келүүдѳ. Азыркы убакта ал APNIP долбоорунун Байзак айылынын ыктыярчысы болуп алектенет.
Айжан APNIP долбооруна кантип ыктыярчы болуп кангандыгы тууралуу айтып берди: «Менин ыктыярчы болуп иштегениме кайненем түрткү болду. Кайненем ѳзүнүн кесиби боюнча мугалим. Бирок, ушул убукка чейин ар кандай долбоорлорго активист болуп эл үчүн иштеп келе жатат. Долбоорлор эл үчүн кандай иштерди жүргүзѳѳрү тууралуу түшүнүгү абдан кеңири. Ошол себептен мени APNIP долбооруна ыктыярчы болуп иштегин деп айтып калды. Анткени, бул иштин биринчиден ѳзүн үчүн жана эл үчүн абдан пайдасы бар деп белгиледи. Жок дегенде туура тамактануу кандай экендиги боюнча түшүнүк аласын деди. Азыр ойлоп кѳрсѳм ошол тѳрт баламды туура эмес эле тамактандырып чоңойтуптурмун. Менин колумда 2 кайненем бар. Балдарымды чоңойтушканга кѳп эле салымдарын кошушту. Бирок, азыр ойлосом эки апам балдарымды быламык жана куйрук майы менен чонойтушуптур. Аны менен тамактанган балдарым эмчек сүтүн да кѳп эмбей, эрте эле 4 же 5 айында эмчектен чыгып кетишчү. Мен болсо ошонусуна каниет болуп, мейли тамак жеп жатышат деп, анда-санда эмизип, күнүмдүк тиричиликтен кол бошобой балдарымдын кандай чоңойгонун да билбей калдым. Азыр балдарым чоң. Бирок, азыр алар тамакты кѳп ичишпейт. Майды кѳрѳйүн деген кѳздѳрү жок. 2018-жылы APNIP долбоору биздин айылга келип, семинарларга катышып, маалымат ала баштагандан бери кѳп билбеген нерселеримди билдим. Кѳрсѳ, биз үй-бүлѳбүз менен кошо балдарымды туура эмес тамактандырып, чоңойтконумду түшүндүм. Эмчек сүтүндѳ баардык керектүү азыктар бар экенин, баламды 6 айга чейни жалаң гана эмчек сүтү менен баксам ошол эле жетиштүү болмок экенин түшүндүм. Азыркы учурда 6 ай боюмда бар. Мен дагы 1000 күндүк мүмкүнчүлүк убагымды туура пайдаланып калайын деп APNIP долбоорунан алган маалымат боюнча убагы менен эс алып, убагы менен медицина кызматкерлерине кайрылып, алардын берген рецептеги дары-дармектерин (фолий кычкылы, темир, йодомарин) убагы менен ичип жатам. Мындан тышкары, темирге бай азыктарды, Витамин «С», Витамин «А» га бай азыктарды кѳбүрѳѳк пайдаланып, ѳзүмдүн да тамак ашымды кѳзѳмѳлгѳ алуудамын. Жогоруда айтылган азыктарды да үй–бүлѳбүз менен кѳбүрѳѳк пайдаланып, чай ичпѳѳгѳ ѳтүп, анын ордуна ѳзүмдүн колум менен жасалган сокторду, кургатылган мѳмѳ-жемиштерден жасалган компотторду ичүүгѳ ѳттүк. APNIP долбоорунан алган билимдеримди, маалыматтарымды айылдагы кыз-келиндерге да айтып, аларды да долбоордун туура тамактануу боюнча маалыматтары менен камсыз кылып келүүдѳмүн. Анткени, ден-солук — табылгыс байлык, ошол себептен ар бириңиздерди туура тамактанууга ѳзгѳчѳ кѳңүл бурууга чакырам.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares