APNIP долбоору жүргүзгөн ишмердүүлүктүн ийгиликтүү натыйжалары

Чек-Абад айыл аймагынын Пахтачы айылында жайгашкан “Навбахор-Бийрана” балдар-бакчасынын жетекчиси Маманазарова Мукарам көп жылдан бери төрайым болуп иштеп келет. Ал 56 жашта, өз кесибин сүйгөн, балдарды тарбиялоодо жан-дили менен эмгектенип, балдардын ден-соолугун чыӊдоого, туура тарбия берүүгө өзүнүн салымын кошуп келет.
Ал Пахтачы айылында “APNIP” долбоорунда ыктыярчы да болуп иштейт. Айылдын тургундарына, бала-бакчанын коллективине, ата-энелерге APNIP долбоорунун алкагында өткөрүлгөн семинарларда уккан, билгендерин жайылтып турат. Долбоордун Чек-Абаддагы активисти Ташбаева Зубайда өткөргөн семинарларга активдүү катышат. Аз кандуулуктун кесепеттерин, балдарга минералдар жана витаминдердин жетишсиздигин, балдардын бою өспөй калгандыгын өз көзү менен көрүп жүргөндүктөн, семинарларда алган маалыматтарды өзүнүн практикалык иштеринде колдонуп, ата-энелерге таркатуунун аракетинде. Бала бакчанын аймагына мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, көк-чөптөрдү, гүлдөрдү отургузган.
APNIP долбоору өзүнүн ишин Араван районунда 2018-жылы баштаган. Ошол мезгилге чейин “Навбахор-Бийрани” бала бакчасынын жетекчиси Маманазарова Мукарамдын айтымында “Тарбиялануучулардын арасында аз кандуулук менен жабыркаган, бою өспөй калган, оорукчан балдар көп болчу. Айрыкча балдар күз мезгилинде жугуштуу оорулар менен ооруп, бала-бакчага келбей калган учурлар көп болчу дейт”.
Жогоруда айтылып өткөн көйгөйлөрдү эске алып, Мукарам Маманазарова долбоордун активисти Ташбаева Зубайда менен биргеликте ата-энелерди бала-бакчага чакырышып, долбоордун алкагында өткөрүлгөн семинарларды кайрадан жеринже өзүлөрү өтө башташкан. Айрыкча ата-энелерге 6 айга чейин жалаӊ гана эмчек эмизүү жана кошумча тамактандыруу, “1000 күн аралыгындагы энелердин тамактануусу”, “Үй-бүлөнүн ар түрдүү тамактануусу”, “Азыктарды коопсуз сактоо жана жашылчаларды өстүрүүдөгү жакшыртылган технологиялар” боюнча темалар ата-энелердин жана ыктыярчылардын ортосунда чоң кызыгууну пайда кылган жана алар алган маалыматтарын, буклет, плакат, баракчаларды өздөрүнүн коӊшуларына, айылдын башка жашоочуларына таркатышкан.
Айрыкча “Азыктарды коопсуз сактоо” семинарынан алган билимдерин жашоо-турмушта да колдонуп жатышат. Өзгөчө азыктарды консервациялоо кооптуу экенин билишкенден кийин алар кургатуу жана тоӊдуруу ыкмаларына басым жасашууда.
Быйыл бала-бакчанын айланасында өскөн мөмө-жемиштерди, жашылчаларды коллектив менен биргеликте кургатуу, тоӊдуруу жолдору менен кышка даярдашты. Шириндиктерди ата-энелер менен макулдашып, балдарга жедирбей, өздөрү даярдаган азыктардан компот, сок берип жатышат. Мурда тамак жегенди каалабаган, аз жеген балдар азыр толук кандуу тамактанып да калышты. Ооруган балдар азайып, ата-энелер менен биргеликте балдардын туура тамактануусуна чоӊ көӊүл буруп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares