8-Март майрамыныздар менен куттуктайбыз!

Урматтуу суу чарба тармагында эмгектенген айымдар!
Урматтуу «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» жана «Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза 1» долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн айымдар жамааты!

Сиздерди алдыӊыздарда келе жаткан 8-март аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Аял- эне, аял-жар, аял-дүйнөдө теңдешсиз асыл жан деп айтылгандай, ааламдагы баардык сулуулук, улуулук, аруулук, тазалык аялзатында! Аял заты тууралуу сөз болгондо биринчи кезекте эле акын Шайлообек Дүйшеевдин аялзатынын улуулугун даңазалаган төмөндөгү ыр саптары эске келет.


Апасыз аалам толо албайт,
Апасыз бала оңо албайт.
Ата-көз, бирок апаңдай,
Ал сага карек боло албайт.
Бул ыр саптары эненин улуулугун даӊазалап, аялзатынын жогорку ордун белгилейт.

Мына ушул жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда Сиздерге урматтуу апалар, эже-карындаштар, кыздар, кесиптештер бакыт-таалай, чыӊ ден соолук, узун өмүр каалап, үй бүлөңүздөр, эл, жериңиздер менен тынч, аман болуңуздарга тилектеш экенибизди белгилеп кетмекчибиз.

Сиздерди тереӊ урматтоо менен,
«Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» жана
«Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза 1» долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн мырзалар жамааты

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares