APNIP долбоору Барскоон айылында

Жогоруда Жети-Өгүз районуна караштуу Светлая-Поляна айылында түзүлгөн өз ара жардамдашуу топтору (ӨЖТ) сыяктуу топтор APNIP долбоорунун 3 потогунда Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында да түзүлгөн. Бул айыл ӨЖТларды түзүүдө абдан активдүү катышып, 5 мүчөдөн турган 84 ӨЖТлар түзүлүп, бардыгы болуп учурда 420 мүчө эмгектенип келүүдө. Долбоор тарабынан жашылчанын 5 түрүнүн үрөндөрү (помидор, бадыраӊ, болгар калемпири, капуста, сабиз) таратылып берилди. Айдоо-себүү мезгили карантиндин убагына туш болуп калганына байланыштуу агротренингдер онлайн түрүндө өтүп жатты. Тоскоолдуктарга карабастан мүчөлөр абдан кызыгуу менен кабыл алышып, иш жүзүндө өздөрүн абдан жакшы жактан көргөзө алышты. Азыркы учурда өсүмдүктөрдүн бардык түрү жакшы өсүп, айрым мүчөлөрү түшүм алып, тамак-ашка пайдаланышууда. Жашылчаларды өстүрүүдө ыӊгайлуу ыкмаларды (салафан, саман төшөө) колдонгон мүчөлөрдүн өсүмдүктөрү башкаларга салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болууда.
Ийгиликтерге жетишкен өз ара жардамдашуу топтору долбоорго, анын жетекчилигине долбоор тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдар үчүн чоӊ ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares