СПАларга кѳрсѳтүлүп жаткан жардамдар (Талас)

Талас облусуна караштуу Манас районундагы «Береке С» СПАсына 20 тонна карбамид жер семирткичи грант түрүндѳ #APNIP долбоору тарабынан бѳлүнүп, жерине жеткирилип берилди. СПАнын жетекчилиги берилген карбамид жер семирткичин жеңилдетилген шарт менен базар баасында СПАнын мүчѳ-фермерлерине таратып берди. СПАнын мүчѳлѳрү алган жер семирткичти СПАнын айлантма фондуна үстүбүздѳгү жылдын күз айларында акчалай кайтарып берүүсү керек.

СПАнын айлантма фонду – СПАнын мүчѳлѳрүнүн айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана үрѳн фондун кеңейтүү максатында уюштурулган. Айлантма фонддун шарттары баардык СПАларда бирдей #APNIP_WUAsfoodsafety_СПАлардыназыктүлүккоопсуздугу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares