Жалал-Абад облусундагы “Толук баалуу тамактануу аркылуу эне жана баланын ден соолугун колдоо” тегерек столу

Үстүбүздѳгү жылдын 3-февралында Жалал-Абад облусунда “Толук баалуу тамактануу аркылуу эне жана баланын ден соолугун колдоо” деген тема боюнча APNIP долбоорунун алкагында долбоордун негизги пайда табуучулары болгон 4 суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, Ала-Бука, Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун акимдеринин, Сулайман-Суу, Таймѳнкү жана Ак-Жол-Суу, ошондой эле Оби-Хаёт СПАларынын директорлорунун, айылдык аймактардын башчыларынын, облустук СПАларды колдоо бѳлүмдѳрүнүн адистеринин, үй-бүлѳѳлүк дарыгерлер борборлорунун жана топторунун жетекчилеринин жана адистеринин, долбоордун Жалал-Абад облусундагы координаторунун жана активистеринин катышуусунда тегерек стол ѳттү.

Тегерек столдун максаты эне менен баланын ден соолугуна коомчулуктун көӊүлүн буруу жана алардын тамактануусундагы көйгөйлөрдү калктын маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу чечүү.

Тегерек столдун жүрүшүндө жер-жерлерде болуп жаткан кѳйгѳйлѳр талкууланып, аларды чечүүгө бардык кызыктар тараптар, алардын ичинде жергиликтүү өкүлчүлүктөр кѳмѳк кѳрсѳтүшѳѳрүн белгилешти. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын мониторинг жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Борубаев Эрнест Касымалиевич уюштуруучуларга, ошондой эле долбоордун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди жана мындай иш-чаралар эл үчүн пайдалуу экенин белгилеп, колдой тургандыгын баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares