СПАларга кѳрсѳтүлүп жаткан жардамдар (Нарын)

Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы «Ак Марча» СПАсына 32 тонна карбамид жер семирткичи грант түрүндѳ #APNIP долбоору тарабынан бѳлүнүп, жерине жеткирилип берилди. Жер семирткичтерди таратуу учуру кѳргѳзмѳ-кеңеш берүү семинары менен бирге коштолуп, чогулган элге долбоор тарабынан берилип жаткан жардамдар тууралуу кеңири маалымат берилди.

СПАнын жетекчилиги берилген жер семирткичти жеңилдетилген шарт менен базар баасында СПАнын мүчѳ-фермерлерине таратып берди. СПАнын мүчѳлѳрү алган жер семирткичти СПАнын айлантма фондуна үстүбүздѳгү жылдын күз айларында акчалай кайтарып берүүсү керек.

! СПАнын айлантма фонду – СПАнын мүчѳлѳрүнүн айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана үрѳн фондун кеңейтүү максатында уюштурулган. Айлантма фонддун шарттары баардык СПАларда бирдей #APNIP_WUAsfoodsafety_СПАлардыназыктүлүккоопсуздугу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares