СПАларга кѳрсѳтүлүп жаткан жардамдар (Жалал-Абад)

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы «Ак-Жол-Суу» СПАсына 70 тонна карбамид жер семирткичи грант түрүндѳ #APNIP долбоору тарабынан бѳлүнүп, жерине жеткирилип берилди. Ѳз учурунда СПАнын жетекчилиги берилген карбамид жер семирткичин жеңилдетилген шарт менен базар баасында СПАнын мүчѳ-фермерлерине таратып берди. СПАнын мүчѳлѳрү алган жер семирткичти СПАнын айлантма фондуна үстүбүздѳгү жылдын күз айларында акчалай кайтарып берүүсү керек.
СПАнын айлантма фонду – СПАнын мүчѳлѳрүнүн айыл чарбасынын ѳндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана үрѳн фондун кеңейтүү максатында уюштурулган #APNIP_WUAsfoodsafety_СПАлардыназыктүлүккоопсуздугу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares