23-февраль «Мекен Сакчыларынын» күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер!

Урматтуу суу чарба тармагында эмгектенген кызматкерлер!

Сиздерди 23-февраль «Мекен Сакчыларынын» күнү менен куттуктайбыз!

Ата Мекендин сакчылыгында туруу, анын кол тийгистигин коргоо баардык учурда эң ыйык, өтө ардактуу, ошону менен бирге, кыйла жоопкерчиликтүү милдет болуп келген жана боло берет. Ар жаран үчүн өз Мекенин коргоодон өткөн ыйык милдет жок.

Мекенди коргоочулар майрамы кайраттуулук, каармандык жана атуулдук ариеттин чыныгы үлгүсү болуп саналат. Ошондуктан, биз Кыргызстандын тарыхында эрдиги менен эсте калган ата-бабаларыбыздын салттуу көчүн улантып келген өз жоокерлерибизге ар дайым урмат кылып, зор ишеним артып келебиз.

Ушу тапта да ар кандай ички жана тышкы коркунучтардан Кыргызстандын эгемендигин коргоо, анын аймактык бүтүндүгүн сактоо мамлекеттик бийлик менен жалпы коомчулуктун эң башкы озуйпасы, эң ыйык милдети болуп эсептелет. Ошондуктан, сиздерди– биздин мырза кесиптештерибизди мекен сакчыларынын майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз.

Дайыма азыбаңыздар, арыбаңыздар, аман-эсен үй-бүлөөңүздөр менен бакубат жашоо сүрүп, буга чейин мекен алдындагы өз милдеттериңиздерди мекен сакчысы катары өтөп келген болсоңуздар, мындан ары Кыргызстандын жараны катары аркалаган кесибиңиздер менен кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө салымыңыздарды кошуп келе бериңиздер.

Сиздерди терең урматтоо менен,

Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн айымдар жамааты

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares