APNIP долбоорунун алкагындагы ийгиликтүү окуялар

Ош облусунун Араван районунун активисты Сабирова Муслима APNIP долбоорунун алкагындагы ийгиликтүү окуялар менен бѳлүшмѳкчү.
Араван районунун А. Анаров жана С. Юсупов айыл аймактарында пандемияга байланыштуу ыктыярчыларга 2-модуль “1000 күн” аралыгындагы энелердин тамактануусу жана үй-бүлѳѳнүн ар түрдүү тамактануусу боюнча онлайн тренингдер ѳткѳрүлдү.
Муслиманын айтымында «тренингден кийин ѳз каалоосу менен ыктыярчы болом деп телефон чалгандардын саны кѳбѳйдү. Тренингден кийин ыраазычылыктарын билдирип, комментарий жазгандар да аз эмес» деп белгиледи. «Мисалы, С. Юсупов айыл аймагынын тургуну Фарходбек Саитбаев APNIP долбоорунун иш-чаралары жѳнүндѳ уккандан кийин, долбоорду сүрѳттѳп тарткан картинасы мен үчүн чоң кубанычтуу белек болду» дейт.
Бул макалада сүрѳтчү Фарходбек Саитбаев APNIP долбоору жѳнүндѳ сүрѳтүн тартып жаткан учуру берилген.
Андан сырткары, тѳмѳндѳ А. Анаров айыл аймагынын жашоочулары долбоордун активисти Сабирова Муслиманы “APNIPчи кыз” деп тосуп жаткан учуру жана А. Анаров айыл аймагынын ыктыярчылары жана С. Юсупов айыл аймагынын тренинге катышкан жашоочуларынын ыраазычылык каттары берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares