Талас облусунда APNIP долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чара боюнча видеотасма

Үстүбүздѳгү жылдын 28-29-апрель күндѳрү Талас облусунда эне жана баланын туура тамактануусу боюнча семинар болуп ѳттү. Аталган семинарга Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн социалдык ѳнүктүрүү боюнча орун басары, облустук деңгээлдеги дарыгерлер менен ыктыярчылар катышты. Иш-чара #APNIP долбоору тарабынан уюштурулган. Жалпы Талас ѳрѳѳнү боюнча долбоорго Манас районунун “Береке-С” жана Кара-Буура районунун “Мѳл-Булак” суу пайдалануучулар ассоциациялары кирген. Учурда аталган СПАларга долбоор тарабынан үрѳн жана жер семирткичтер да азык-түлүк коопсуздугун колдоо максатында жардам катары таратылып берилүүдѳ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

0Shares